Рысалиева Дамира Азатовна

Орус тили мугалими

Рысалиева Дамира 1967-жылы 17-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту орус тили жана орус адабияты мугалимин бүтүргөн .1990-жылы Бишкек шаарынын № 40, №42 мектептен орус тили жана орус адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 2011-жылдан баштап Арзымкан Бостонов атындагы орто мектебинде орус тили жана орус адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө. 2016-2017-жылдары С.Нааматов атындагы НМУнун алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан “Ардык грамотасы” менен сыйланган. “Жыл мугалими-2017” райондук кароо-сынагында III орунду алгандыгы үчүн “Ардак грамотасы”, “Русский мир” Россия Федерациясы уюштурган “Лучший словесник Нарынской области” кароо сынагында I даражалагы диплом менен сыйланган. Нарын облустук коомдук-саясий “Теңир-Тоо гезити “Жылдын мыкты мугалими”деген наамга ээ болгон. “Данакер Лингво” маданий-илимий коомунун төш белгиси менен сыйланган, 2018-жылы Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы, 2018-2019-жылы А.Бостонов атындагы орто мектеби тарабынан “Чыгармачыл мугалим” деген наамы, 2019-жылы Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун “Ардак грамотасы” ээ болгон.