Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Арзымкан Бостонов атындагы орто мектеби Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айлында Ала-Тоо № 4 көчөсүндө жайгашкан.1932-жылы Семиз-Бел башталгыч мектеби болуп түзүлгөн.1943-1944-жылдары Семиз-Бел мектеби 7 жылдык мектеп болуп уюшулган.1965-жылы ашар жолу менен 8 жылдык мектеп курулган.1980-1981-окуу жылында Семиз-Бел орто мектеби аталып иштеп баштаган.2007-жылы мектепке Арзымкан Бостоновдун ысымы берилип,жаңы мектеп ишке берилген.15 класс кабинети,1 информатика кабинети жана мугалимдер отуруучу кабинет бар.Мектеп 1 смена менен окутулат.Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.Мектеп 240 орундуу ,1 корпустан турат.Мектептин жалпы аянты 3435,2 чарчы метр.»Олдомор» фирмасы тарабынан курулган,электр энергиясы менен жылыйт.40 орундуу ашкана ,бир спорт зал бар. 2015-жылдан бери БУУнун азык -түлүк программасынын негизинде 1-4-класстарга ысык тамак берилип келет.

 

Мектептин миссиясы:

Мектеп компетенттүү,мекенчил инсанды окутуп тарбиялоо менен ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышты түзөт.
 

Аккредитациядан өткөн жылы

2018-жылдын 19-июнунда программалык аккредитациядан өткөрүлгөн.Сертификат № СС180002487

 

2022-2023-окуу жылы

2022-2023-окуу жылында окуучулардын саны: 255/131
1-4-класстар 88/12
5-9-класстар 120/61
10-11-класстар 47/10
Даярдоо классы 22/10
Мугалимдердин саны: 24
Жогорку магистр: 20
Бакалавр: 4
Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы»-8
МНО Грамота-5