Мектептин окуучуларынын парламенти


Мектептик ѳз алдынча башкаруу – ар бир окуучу ѳзүнүн орунун аныктай ала турган, ѳзүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн жана шыктарын кѳрсѳтүп колдоно ала турган бирдиктүү жана ѳз алдынча жашоонун ѳтүшүнүн режими. Балдардын коллективинин активдүүлүгүнүн ѳсүшү үчүн чоңдордун жана балдардын ѳз ара мамилелеринин стили чечүүчү ролду ойнойт. Бул жерде балдардын күчүнѳ ишенүү, алардын демилгелерин, ѳз алдынча ишмердүүлүгүн максималдуу колдонууга жана ѳнүктүрүүгѳ умтулуу, коллективдин жашоосундагы бардык маселелерди чечүүдѳгү алардын ѳз алдынчалуулугун тарбиялоо.