Орозалиева Нурбүбү Бурганаковна

Башталгыч класстар мугалими

Орозалиева Нурбүбү 1959-жылы 4-июнда Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Сууайылында төрөлгөн. КМУнун чет тилдер факультетинин немец тили бөлүмүн 1983-жылы бүтүп, Кемин районундагы Ильич орто мектебинде немец тили мугалими жана тарбия завучу болуп иштеген, 1987-жылдан 1990-жылга чейин Семиз-Бел орто мектебинде орус тили мугалими болуп 1990-жылдан 1994-жылга чейин Фрунзе шаарындагы №145 бала-бакчада тарбиячы болуп иштеген. 1994-жылдан 1995-жылга чейин Бишкек шаарынын №11 орус мектебинде кыргыз тили мугалими 1995-жылдан 2001-жылдары Тоң районунун Көк-Мойнок №2 орто мектебинде англис тили, чет тили мугалими болуп иштеген, азыркы мезгилге чейин Кочкор районундагы Арзымкан Бостонов атындагы орто мектебинде башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенет. Мектепте окуу завучу болуп иштеген.Райондук, областтык грамоталар менен сыйланган МНОнун грамотасы жана “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси болгон.